ДОН ЖЫЛКЫСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОН ЖЫЛКЫСЫ – минги-чегилме жылкы по­родасы. Дон дарыясынын боюндагы талааларда илгер­тен эле асыралып келген. Кийинчерээк башка таза кандуу жылкылар м-н аргындаштыры­лып, асылдандырылган. Дон жылкысы абдан жотолуу. Асыл тукум айгырынын ыйык жалынга чейин


бийиктиги 159 см, дене узундугу 160 см, көкүрөк курчамы 185 см, бутунун жоондугу 21 см. Өңү жээрде, ай­рымдары буурул. Колдон жем-чөптү көп талап кыл­байт; үйүрдө багылат. Климаттын катаал шар­тына чыдамдуу. Дон жылкысы минги-унаа катары ж-а ат спортунда пайдаланылат. Дон жылкысынын «Зенит» деген айгыры бир суткада 311,2 км аралыкты басып өтүп, дүйнөлүк рекорд койгон. Негизинен Рос­сиянын Ростов облусу м-н Ставрополь крайында асыралат. Дон жылкысы кыргыз жаңы жылкысын чы­гарууда, Кыргызстандын № 54 Ысык-Көл жылкы заводунда жергиликтүү жылкыны асылдандырууда пай­даланылган.