ДОН КӨМҮР БАССЕЙНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОН КӨМҮР БАССЕЙНИ , Д о н б а с с – Украи­надагы (Днепропетровск, Донецк, Луганск облустары) ж-а Россиянын европалык бөлүгүндөгү (Ростов облусу) таш көмүрдүн ири кендери жайгашкан аймак. Мындагы көмүр 18-кылымдын башында ачылып, 19-кылымдын аягынан өнөр жайлык негизде казып алына баштаган. Аянты 60 миң км2. 1800 м тереңдик­ке чейинки геологиялык жалпы запасы 140,8 млрд т. Таш көмүр мезгилинин чөкмө тектеринин ара­сынан 300гө жакын көмүр катмары табылган. Казып алууга жарамдуу көмүр катмарларынын орточо калыңдыгы 0,7–1,5 м. Таш көмүрдүн мар­касы Д–Т (78%), антрацит (22%). Күйүүдөгү жы­луулук энергиясы 21,2–26,чанск, Горловка ж. б.