ДООЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДООЛ – кыргыздардын урма музыкалык аспабы. Туулга түрүндө темирден, жезден, мистен жасалып, кененирээк жагына тери капталат. Доолду ээрдин кашына илип коюп ойногон. Ал абалтан эле аңчылар, өзгөчө мүнүшкөрлөр арасына кеңири тараган.

«Манас» эпосунда баатырлар жоого киргенде, жеңгенде керней, сурнай, добулбас жана башка аспаптар менен бирге Доол каккан деп айтылат.
Ад.: Алагушов Б. Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары. Ф., 1974.