ДООЛДАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДООЛДАЙ – жука кийизден таар же калың кез­деме тышталып тигилген сырт кийим. Доолдайды көбүнчө эркектер кийишкен. Элдик оозеки чы­гармаларда Доолдай кыргыздын эң байыркы кийим­деринин бири катары сүрөттөлөт. Ал кементай сыяктуу этеги кең, көкүрөк жагы улам кууш тартып, жеңдери менен өңүрлөрү, учасы сулп-сулп бычылган. Жакасы жөнөкөй кыюуланып, эки өңүрү бир гана жеринен бүчүлөнгөн. Доолдай бара-бара кементай, ичик, чепкен, чапан менен алмашылып, XX кылымдын 1920–1930-жылдарынан тарта өтө сей­рек учурайт.