ДОПИНГ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДО́ПИНГ (англ. doрing, dope – баңгизат берүү) – кабыл алганда организмдин кара күчүн артты­рып, көңүлүн көтөрүүчү фармакологиялык ж-а табигый заттар. Мындай абал тез болуп, кыска убакыт­ка гана созулат. Негизинен спорттук ийгилик­терди жакшыртуу үчүн спортто ж-а ветерина­рияда колдонулат. Допинг байыркы заманда эле бел­гилүү болгон, ал эми 20-кылымдан айрым өлкөлөрдө кесиптик спортто колдонулат. Допинг кабыл алган спортчунун организми өтө тез ж-а аз убакыт-

Допингдин кеңири тараган түрлөрү.

тын ичинде адам чегине жеткен чымыркануу м-н иштейт. Бирок, бул адам ден соолугуна зыян келтирип, кээде өлүмгө да алып келиши мүмкүн. Ошондуктан Эл аралык олимпия комитети 1967-жылы допингди кабыл алууга тыюу салып, эл аралык мел­дештерде допингге каршы көзөмөл уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алган. Эл аралык мелдештерде допингге каршы көзөмөлдөө комиссиясы иштеп, спортчулар текшерүүдөн баш тартышса же допингди колдонгону аныкталса, мелдештен четтетилет, жеңиши же рекорду эсептелбейт. Ал эми коман­далык спортто бир эле спортчунун допингди колдон­гону аныкталса, ошол команда утулган болуп эсептелет же дисквалификацияланат.