ДОРБО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДОРБО , т о р б о – 1) атка жем берүүгө пайдаланылуучу баштык. Дорбо кийиз, таар, булгаары жана башкалардан тигилип, илип коюуга, канжыгага байлоого ылайыкталган боосу болот. Дорбо ат менен жол жүрүүдө өтө ыңгайлуу болгон; 2) чакан баштык.