ДОРИЙ ОРДЕРИ
ДОРИ́Й ОРДЕРИ – грек системасындагы үч негизги архитектуралык ордерлердин бири. Ал бекемдиги боюнча Рим системасындагы ордерлерден тоскана ордеринен кийинки экинчи орунду ээлейт. Грек-дорий ж-а рим-дорий ордерлеринин жалпы белгилери: 1) карниздеги мутулдар; 2) триглифтик-метопалык фриз; 3) жылма архитрав; 4) түркүгү тоскана ордерине караганда ичке, ал эми ионик ордерине караганда жоон; 5) моюнча (римдик вариантында астрагал м-н баса көрсөтүлгөн) эхин ж-а салыштырмалуу жоон, чарчы абак; 6) тыгыз жайланышкан ж-а бири-биринен миздүү кырлары аркылуу бөлүнүп турган каннелюрлар м-н фуст. Грек-дорийлик түркүктө базанын жоктугу, ал эми рим-дорийлик (Ж. Виньола иштеп чыккан дорийлик база салыштырмалуу түрдө аз, көп учурда аттикалык база колдонулат) түркүктө базанын сөзсүз болушу бул эки варианттын айырмачылыгын түзөт. Архитектуралык-теориялык эмгектерде Витрувийдин (б. з. ч. 1-кылым) мезгилинен баштап эле дорийлик түркүктү жылаңач эркек-алптын, ал эми ордердин өзүн анын рухий ж-а кара күчүнүн чагылдырылышы катары кабыл алып келишкен. Адатта мындай символика аны м-н милдети боюнча туура келген курулуштарда Дорий ордерин колдонууга чек койгон. Бир фасадда башка ордерлер м-н айкалышта Дорий ордери «оор ордер» катары көбүнчө төмөн жакта, бирок тоскана ордеринен жогору жайгашкан.