ДОСКУЛУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОСКУЛУ , Ж у м г а л – Нарын облусунун Жумгал районундагы кыштак. Жумгал айыл өкмөтүнө караштуу. Окторкой то­осунун этегинде, деңиз деңгээлинен 2000 м бийиктик­те, Бишкек – Чаек автомобиль жолунун боюн­да жайгашкан. Райондун борбору Чаек кыш­тагынан 55 км чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол беке­тинен 140 км. Калкы 2191 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, китепкана бар.