ДОСТУК (Нарын районундагы кыштак)
(ДОСТУК барагынан багытталды)
ДОСТУК – Нарын облусунун Нарын районундагы шаарча. Достук айыл өкмөтүнө караштуу. 1968-жылы Ат-Башы ГЭСинин курулушуна байланыштуу негизделип, анда иштеген көп улуттун өкүлдөрүнүн достугунун символу катары аталган. Орто Нарын өрөөнүнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө, Байбиче-Тоонун түндүк этегинде, Ат-Башы суусу м-н Нарын дарыясынын кошулган жеринде, деңиз деңгээлинен 1910 м бийиктикте жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 212 км. Облустун борбору Нарын шаарынан 32 км батышта. Калкы 830 (2022); негизинен Ат-Башы ГЭСинде эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, ФАП, клуб, китепкана ж. б. бар. Тегирмен, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, мончо иштейт.