ДОСТУК (Нарын районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОСТУК – Нарын облусунун Нарын районундагы шаарча. Достук айыл өкмөтүнө караштуу. 1968-жылы Ат-Башы ГЭСинин курулушуна байла­ныштуу негизделип, анда иштеген көп улуттун өкүлдөрүнүн достугунун символу катары атал­ган. Орто Нарын өрөөнүнүн түштүк-чыгыш бөлүгүн­дө, Байбиче-Тоонун түндүк этегинде, Ат-Башы суусу м-н Нарын дарыясынын кошулган жеринде, деңиз деңгээлинен 1910 м бийиктикте жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 212 км. Облустун борбору Нарын шаарынан 32 км батышта. Калкы 830 (2022); неги­зинен Ат-Башы ГЭСинде эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, ФАП, клуб, китепкана ж. б. бар. Тегирмен, турмуш-тири­чилик комбинатынын бөлүмдөрү, мончо иш­тейт.