ДОСТУК (Лейлек районундагы кыштак)
(ДОСТУК 2 барагынан багытталды)
ДОСТУК – Баткен облусунун Лейлек районундагы кыштак. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу. Ленинабад темир жол бекетинен (Тажикстан) 18 км. Райондун борбору Исфана шаарынан 94 км түндүк-чыгыш тарапта. Деңиз деңгээлинен 1300 м бийиктикте жайгашкан. 1983-ж. отурукташкан. Калкы 3852 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Эки мончо, үйбүлөлүк врачтар тобу, оорукананын бөлүмү иштейт.