ДОСУМБАЕВ

ДОСУМБАЕВ Күнболот (10. 9. 1939, Чүй облусу, Кемин району, Жаңы-Алыш айылы – 29. 5. 2002, Бишкек) – Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1986). А. Н. Островский атындагы Ташкент мамлекеттик театр искусствосу институтунун актёрдук факультетин бүткөндөн (1963) Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштеген.

Досумбаев – ар түрдүү драмалык, трагедиялык, комедиялык, сатиралык пландагы образдарды түзгөн кеңири диапазондуу актёр. Негизги ролдору: Досберген (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн»), Жекшенкул (Ч. Айтматов, «Саманчы жолу»), Төрөкелди-Карадөө (А. Токомбаев, «Өлбөстүн үрөнү»), Шаршен (Ж. Садыков, «Күйөө жолдош»), Шырдакбек (Ш. Садыбакасов, «Ак боз ат»), Атабаев, Мурат, Ашырбай (Т. Абдумомунов, «Жыгылган оогонго күлөт», «Жарыктык карыларым», «Ашырбай»), Герцог Ольбани (У. Шекспир, «Король Лир»), Альдемаро (Лопе де Вега, «Бий мугалими»), Корун (К. Жантөшев, «Курманбек»), Сары таз, Кыяз, Манас (Ж.Садыков, «Манастын уулу Семетей», «Сейтек», «Айкөл Манас») жана башкалар. 1951-жылдан киного да тартылган. Медалдар менен сыйланган.