ДОТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОТ (орусча долговременная огневая точка – узак мезгил ок атма чекит) – согуш куралдары­нан (замбирек, миномёт, пулемёт ж. б.) ок атуу ж-а аларды башкарган аскер адамдарын душ­мандын огунан сактоо үчүн бекемделип курул­ган коргонуу жайы. Таш, кыш, бетон ж-а те­мир-бетондон курулуп, пулемёттук, замбирек­тик ж-а аралаш Дот болуп бөлүнгөн. Дот 1–2- дүйнөлүк согушта колдонулган. Учурда Дот ДОС (узакка ок атуучу жай) деп аталып, чыпка-жел­деткич, байланыш, электр жабдык системала­ры м-н жабдылат.