ДОҢУЗ-КУДУК ДОЛОМИТ КЕНИ
ДОҢУЗ-КУДУК ДОЛОМИ́Т КЕНИ Ысык-Көл облусунун Тоң районунда. Балыкчы шаарынан 35 км түштүк-чыгышта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы Чоломо тоосунун бир тармагында, Доңуз-Кудук өрөөнүндө жайгашкан. 1971-жылы табылган. Кен аймагын палеозойго чейинки ж-а палеозойдогу терриген чөкмө тоо тектери түзөт. Доломит катмар түрүндө бир нече кмге созулуп жатат. Калыңдыгы 40–120 м. Доломиттин 2 түрү кездешет. Биринчиси – серпентиндешкен, саргыч түстө. Блоктуулугу 0,2Ч0,2Ч0,2 м. Анча катуу эмес, оңой кесилет. Жакшы сайкалданат. Экинчиси кызгылт күрөң түстө. Арасында тарамча ж-а бүртүк түрүндөгү кварц кезигет. Сайкалданышы орточо, бирок оңой кесилет. Блоктуулугу 0,3Ч0,3Ч0,3 м. Запасы мол. Кооз буюмдарды жасоого, дубалдарды каптоого колдонсо болот.