ДРУЖЕНКОВ Георгий Иванович
(ДРУЖЕНКОВ Григорий Иванович барагынан багытталды)
ДРУ́ЖЕНКОВ Георгий Иванович (1918, Киров облусу, Перескоки айылы – 1981, Фрунзе) – айыл чарба ишмери, айыл чарба илимдеринин кандидаты (1966), Кыргыз ССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1974). 1962-жылы К. И. Скрябин атындагы КАЧИни бүткөн. 1946–50-жылдарда Чыгыш Казакстан облусунда зоотехник, 1950-жылы Кыргыз ССРинин совхоздор министрлигинде, Кыргызстан КП БКнын аппаратында, Кочкор райондук комитетинде секретарь болуп иштеген. 1963–81-жылдарда мал чарбасы боюнча Кыргызстан ИИИде улук илимий кызматкер, бөлүм башчысы. Тянь-Шань коюн чыгаргандардын бири. Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 1–2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери м-н сыйланган.