ДУБНИЙ
ДУ́БНИЙ (лат. Dubnium), Db – элементтердин мезгилдик системасынын V тобундагы химиялык элемент. Катар номери 105; атмосфералык массасы 262; туруктуу изотоптору жок. Терс электрдүүлүгү аныкталган эмес, окистенүү даражасы +5. Тантал ж-а ниобийдин аналогу. 255, 257, 259–262 массалык санга ээ болгон 6 изотобу белгилүү; эң туруктуусу 262Db (Т1/2= 40 сек). Химиялык касиеттери жөнүндөгү алгачкы маалыматтарды 1970-жылы ядролук изилдөөлөрдүн бириккен институту (ЯИБИ, Дубна шаары, СССР) берген. ЯИБИде 1970-жылы 243Amди 22Ne ядросу м-н бомбалоодон алынган. АКШнын Беркли шаарында 1970-жылы 249Cfди 15N ядросу м-н бомбалоодон 260Db изотобу алынган. Дубний салмактык санда алынган эмес, анын касиеттери саналуу гана атомдору боюнча изилденген. Анын химиялык касиеттери ЯИБИде резерфордийди аныктаган ыкманы өркүндөтүү м-н изилденген. Анткени лантаноиддердин учпай турган хлориддеринен гана эмес, учма хлориддеринен, мисалы, резерфордийдин хлоридинен да бөлүнүп алынган. Элементтин ачылышы физикалык гана эмес, химиялык ыкмалардын жардамы м-н да аныкталган. Дубний азырынча эч жерде колдонула элек. 1997-жылы Эл аралык теориялык ж-а колдонмо химия союзунун (ИЮПАК) атайын комитетинин сунушу м-н Дубний деп аталган.