ДУДУК КАЗДАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДУДУК КАЗДАР (Branta) – канаттуулардын өрдөк сымалдар тукумундагы уруусу. Башы кичине, кыска тумшугу ж-а таманы кара. Анын 4 түрүнүн экөө КМШ өлкөлөрүндө кездешет. К а р а Дудук каздардын салмагы 2 кгга жакын. Алар Сибирде (Ямалдан Чукоткага чейин), Түндүк Америкада (Аляскадан Гренландияга чейин) уялайт. А к ж а а к Дудук каздар Жаңы Жердин түштүк аралдарын, Шпицбергенди, Гренландиянын чыгыш бөлүгүн мекендейт. К а н а д а Дудук каздарнын салмагы 1,5–8 кг,

Түн.-Батыш Америкада жашайт. К ы з ы л т ө ш Дудук каздар Обь дарыясынан Хатангага чейин таралган. Көбүнчө суу өсүмдүктөрү м-н азыктанат. Алардын 1 түрү ж-а 1 түрчөсү ТКЭСтин кызыл китебине катталган.