ДУЛУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУЛУ – Батыш Түрк кагандыгынын курамына кирип, бир уруудагы он окко бөлүнүп, дулу ж-а нушиби аталган беш уруктун конфедерациясы. Аталган экөөнүн ортосунда Батыш Түрк кага­натында алдыңкы күч болуш үчүн ар дайым атаандаштык жүрүп турган. Дулулардын союзуна Батыш Түрк кагандыгынын чыгышындагы (Иле өзөнүнүн бою) беш аймакты ээлешкен чумугун, хулуву, нешетидун, туциши, хелоши ж-а шу­ниши чубин уруктары киришкен. Ар бир урук­тун башына бирден шад шайланып, бийлик бел­гиси катары ага жаанын жебеси тапшырылган. Чуло-хан Тамандын тушунда (604–611-жылдарда баш­карган) кагандыкты дулу союздары бийлеп, би­рок, бир аз убакыттан кийин Шегуй-хандын бий­ликке келиши м-н, нушиби уругу үстөмдүк кы­лууга жетишкен. Кийин Тонжабгу-каган рефор­ма жүргүзүп (618–630), дулу м-н нушибинин уку­гун теңештирген.

Ад.: Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950, Т. 1; Chavannes E., Dokuments sur les Toukiues (Turcs) occidentaux //Сборник трудов Орхонской экс­педиции. Т. IV. СПб., 1903; Гумилёв Л. Н. Древние тюрки. М., 1967; Аристов Н. А. Усуны и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001; Малявкин А. Г. Танские хроники о государствах Центральной Азии. Новосиб., 1989.

Т. Жуманалиев.