ДУНГАН АДАБИЯТЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУНГАН АДАБИЯТЫ – дунган элинин адабия­ты. Орто Азиялык дунгандардын Октябрь революциясы­на чейин жазмасы болгон эмес. Бирок алардын бай фольклору болгон. Оозеки чыгармаларын­да негизги орун баатырдык баяндарга таандык. Дунган фольклорунун кеңири тараган дагы бир түрү – ыр (песня), ошондой эле ар кыл жанрдагы ж-а мүнөздөгү жомокторго да бай. Айбанаттар, акыл­ман адамдар ж. б. жөнүндөгү жомокторунда кедей­лердин мүдөөсүн көздөгөн идея берилет; жомок­торунун кыйласы дунган көтөрүлүштөрү жөнүндө. Дунган макал-ылакаптарында кылымдардан берки элдик акыл-насаат чагылдырылган. Оозе­ки чыгармалар Дунган адабиятынын жаралышы ж-а өнүгүшү үчүн эстетикалык негиз болгон. 1930-жылдар­дын башында дунган жазмасынын иштелип чы­гышы Дунган адабиятынын пайда болушуна реалдуу шарт түзгөн. 1932-жылдан «Дун хуошир» («Чыгыш учкуну») гезити чыга баштаган. Ал гезитте Я. Шиваза, Ю. Яншансин, Х. Макэ, К. Маев, Ю. Цунваза өңдүү акын-жазуучулардын алгач­кы чыгармалары жарыяланган. Дунган адабиятынын пай­да болушу ж-а өнүгүшү акын Я. Шивазанын ысмы м-н тыгыз байланыштуу. 1932-жылы «Эмгек гүлү» аттуу альманах чыгарылган. Хусе Макэ­нин «Гунку хуа» («Эмгек гүлү», 1934), «Туйгы гунку» («Туңгуч эмгек», 1936), «Вэди Жищен» («Эскерүүлөр», 1958) деген ыр жыйнактары жа­рык көргөн. 1950-жылдары Дунган адабиятынын майданына А. Арбуду, Махмуд Хасанов кошулган. А. Ар­будунун «Аял жүрөгү», «Кыз кыялы» деген по­весттери, «Бир таштын тарыхы», «Эне мээрими» сыяктуу аңгемелери бар. М. Хасановдун да аң­гемелери, повесттери белгилүү. Кийин Дунган адабиятынын катары И. Шысыр, Х. Ливазхажиева сыяктуу таланттар м-н толукталды. Азыркы учурда Дунган адабияты көп жанрдуу өнүккөн адабиятка айланды. Я. Шивазанын, А. Арбудунун айрым чыгарма­лары кыргыз тилине которулган.