ДУНГАН ТИЛИ
ДУНГАН ТИЛИ – дунган элинин тили. Синтибет тилдеринин тобуна кирет. Кээ бир окумуштуулар дунган тилин кытай тили же анын диалекти деп эсептеп жүрүшөт. Дунган тили өзүнчө тил экенин окумуштуулар (Е. Д. Поливанов ж. б.) фактылардын негизинде далилдеген. Дунган тилиннде Кытайда, Өзбекстанда, Казакстанда ж-а Кыргызстанда жашаган дунгандар сүйлөйт. Орто Азияда жашаган дунгандардын тили ганьсу ж-а шеньси деген эки диалектиден турат. Ганьсу диалектине ягэ, шеньси диалектине дунмый айтымы (говору) кирет. Дунган адабий тили ганьсу диалектинин негизинде түзүлгөн. Дунган тилинин сөздүк курамында араб-иран, уйгур, кыргыз, татар, казак, өзбек ж-а орус тилдеринен кирген сөздөр кездешет. Дунган тилинин жазуусу 1928-жылга чейин араб, 1928– 53-жылдарда латын графикасында болгон. 1953-жылдан орус графикасында.