ДУНИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДУНИ́Т (Жаңы Зеландиядагы Дун тоосунун атынан) – ультра негиздүү магма тоо теги. Өңү кара, каралжын же ачык жашыл. Тыгыздыгы 3,28 г/см3. Дунит 85 – 100% оливинден, 3 %ке чейин хромиттен ж-а кенташ (руда) минералдарынан турат. Курамында магний өтө көп, кремний аз. Ал силл, жарыш жаткан линзалар ж-а кайчылашкан түтүкчөлөр түрүндө кезигет, кээде гана ири интрузия тулкуларын пайда кылат. Дунит м-н бирге хромит, платина, никель, кобальт, темир, тальк, хризотил-асбест ж. б. кездешет. Дунит отко чыдамдуу минералдарды чыгарууда кеңири колдонулат.