ДУРАЛЮМИН
ДУРАЛЮМИ́Н , д ю р а л ю м и н и й, д ю р а л ь (нем. Duren; Дюрен – куйманы өнөр жайлык жол м-н алуу башталган шаардын аталышы ж-а алюминий) – алюминийдин Си (3–5%), Mg (0,4—2,4%) ж-а Мn (0,3—1%) м-н болгон куймасы. Дуралюмин – алгачкы кеңири колдонулган, деформациялануучу алюминий куймасы. Чыңалган Дуралюминди табигый шартта эскирткенде, анын бекемдиги артары белгилүү болгон. Дуралюмин 500°Сна жакын температурадагы суюктукта чыңалат да, 4 сутка бою табигый шартта же 190°Сна жакын температурада жасалма түрдө эскиртилет. Ушундай термиялык жол м-н иштетүүдөн кийин Дуралюминдин ар түрдүү маркаларынын бекемдик чеги 400–500 Мн/м2га (40–50 кг/мм2) жетет. Үзгүлтүктүү куюу ыкмасы м-н Дуралюминден уютмалар алынат да, алар басым аркылуу (чоюп, созуп, ныктап ж. б.) иштетилип, плита, калдыркан, түтүк, жоон зым ж. б. даярдалат. Башка алюминий куймалары м-н катар Дуралюмин авиацияда, транспортто, машина курууда ж-а техниканын башка тармактарында кеңири колдонулат.