ДУУЛДАКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУУЛДАКТАР (Carabidae) – коңуз­дардын тукуму. Узундугу 2 ммден 8 смге чейин. Көпчүлүгүнүн арткы тешигиндеги ачыш­тыргыч суюктук бөлүп чыгаруучу бездери жак­шы өөрчүгөн. Канат жапкычтары боор жагын бүт жаап, алар кээде бири бирине биригип кал­са, канаттары өспөйт же жок болот. Көпчүлүгү жырткыч, кээ бири өсүмдүк жешет. Личинкасы сүйрү, кыймылдуу, кара, жалтырак. Топуракта куурчакчага айланат. Дуулдактар моллюскалар, курт­кумурскалардын личинкалары м-н азыктанат. Айрымдары айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирет. Күндүз таштардын, түшкөн жалбырактардын ас­тына жашынып, түнкүсүн азыгын издейт. 20 миң­ге жакын түрү бүт Жер шарына, көпчүлүгү Азия, Европанын климаты мелүүн жерлерине таралган. КМШ өлкөлөрүндө 2300дөн ашык түрү бар.