ДХАРМА
ДХА́РМА (санскр. закон, санжап, парз, адилеттик, сапат, мүнөз, табыят) – 1) инди философиясынын ж-а индуизм дининин башкы түшүнүктөрүнүн бири, бир нече мааниси бар: дүйнөгө ээлик кылган түбөлүк ыйман мыйзамдары (абсолюттун аналогу); «туура жашоонун» адеп-ахлактыксоциалдык парыздуулугу – ушул мааниде ар бир адамдын өз Д-сы болот. 2) Буддизмде: Д. болмуштун түбөлүктүү, өзгөрбөс алгачкы элементтери катары, жеке инсандык эмес, жалпы жашоо жүрүшү ж-дөгү, психикалык-физ. зарделердин (энергиялардын) жарк эткен чактары сыяктуу кыйдамдар түшүнүлгөн. Д. такай пайда болуп, жоголуп турат; алардын толкунданышы азап чегүүнүн булагы болот ж-а нирвана (бошонуу) абалында барып басылат. Алгач мифол. Д. ыйык акылман катары кабылданса, кийинчерээк акыйкаттын кудайын түшүндүргөн. Ал «мыйзам», «ыйманы таза», «ырайымдуу» түшүнүктөрүн камтыйт. Улам кийин «Д.» термини кыйла чачырап майдаланып кеткендиктен, анын мааниси колдонулуп жаткан контекстке байланыштуу гана туюлуп, ал «система», «доктрина», «дин», «гармониялуу иреттүүлүк», «милдет», «үлгү» ж. б. маанилерди да кучагына алган. Д-нын маңызы кийинчерээк өз табияты б-ча рухий тазалыкты камтыган белгилүү бир шайкештикти туюндуруп калды.