ДХЬЯНА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДХЬЯ́НА (санскр. – ой, ой жүгүртүү) – инди философиясында аңдап түшүнүү, медитация (сүкүт тартуу) аркылуу боштондукка чыгуу жолундагы цикл катары көрүнүш. Акыл-эстин (читта) тазаланып, сергишине алып келүүчү йоганын ыкмасынын сегиз каражатынын жыйындысы. Д. сезимдин (нратьяхара) мокогон ж-а көңүл чордонунун топтоштурулган абалынан кийин келип, ой-пикирдин объектиге токтоо, сабырдуу ж-а үзгүлтүксүз чогултулушу м-н байланыштуу. Д. айрым учурда будда йогасы деп аталат.