ДЫЙКАНДАР
ДЫЙКАНДАР – алгачкы коомдун бузула баштаган мезгилинде пайда болгон өз алдынча тап.
Өндүргүч күчтөрдүн улам жаңы баскычка
өнүгүүсүнүн натыйжасында уруулук жамааттардын ичинен эң биринчилерден болуп Д. бөлүнүп
чыккан. Коомдун алдыга өнүгүүсү м-н бара-бара жикке бөлүнүү башталып, жеке менчиктин калыптанышына байланыштуу Д-дын арасынан улам байлардын келип чыгышы мыйзамченемдүү көрүнүш болуп эсептелет. Жеке менчиктин калыптануусуна чоң салым кошкон. Салыштырмалуу түрдө дүйнө жүзүндөгү калктын теңинен көбүн түзөт. Кайсыл коомдо болбосун
Д-дан салык алып турууга ар бир мамлекеттин
өз кызыкчылыгы калыптанган. Эл чарбасына керектүү тамак-аш ж. б. азыктарды өндүрүп чыгаруудагы негизги күч. А. ч-сы өнүккөн кээ бир
өлкөлөрдө алдыңкы күчтөрдүн бири болуп, дүң продукциянын көбү Д. тарабынан өндүрүлөт.