ДЫЙКАНДАР РЕФОРМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЫЙКАНДАР РЕФОРМАСЫ (1861) – Россияда крепостнойлук укукту жойгон реформа. Д. р-н жүргүзүү б-ча 1857-ж. Жашырын к-т (кийин Башкы к-т) ж-а губерниялык к-ттер түзүлгөн. 1861-ж. 19-февралда Александр II «Крепостной­лук укукту жоюу жөнүндөгү» манифестке ж-а «Крепостнойлук көз карандылыктан кутулган дыйкандар жөнүндө» жобого кол койгон (5-март­та жарыяланган). Анда дыйкандардын жеке керт башынын эркиндиги, жер үлүшү м-н кам­сыз кылуу ж-а кутулуу акысы тууралуу маселе­лер каралган. Жер үлүшүнүн акысын төлөө үчүн дыйкандарга 49 жылдык мөөнөт м-н насыя бе­рилген. Помещиктердин ээлеген жерлери жеке менчикке калтырылган. Д. р-нын натыйжасын­да 22,5 млн дыйкан крепостнойлук укуктан бошонгон.

Ад.: Зайончковский П. А. Отмена крепостного права в России. 3-е изд. М., 1968. К. Алымкулов.