ДЫЙКАНЧЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЫЙКАНЧЫЛЫК – 1) а. ч. тармагы; азык­түлүк, тех., тоют өсүмдүктөрүн ж. б. өстүрүү. Д. өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн базасы болуу м-н бирге калкты азык-түлүк, малды тоют, ө. ж-ды сырьё м-н камсыз кылат. Д. жерди иштетүү, жер семирткичтерди берүү, өсүмдүктөрдү которуш­туруп эгүү, өсүмдүктөрдү коргоо, талааны ме­лиорациялоо ж-а топуракты коргоо системала­рын камтыйт. Д-тын эки формасы бар: экстен­сивдүү ж-а ургаалдуу. Экстенсивдүү Д-та өндүрүш жер аянтын кеңейтүү (көбөйтүү) жолу м-н өнүктүрүлсө, ургаалдуу Д-та ошол эле аянтка кошумча эмгек ж-а каражат (механикалашты­руу, сорт жаңыртуу, мелиорация, минералдык жер семирткич чачуу, агротех. ыкманы жакшыр­туу ж. б.) жумшоо жолу м-н өнүктүрүлөт. Тех­ника өнүккөн шартта Д-ты ургаалдаштыруу ар гектар аянттан эмгек ж-а каражатты аз жум­шап, көп продукция алууну камсыз кылат. Дыйканчылык системасынын ар түрдүүчө ка­лыптанышы коомдун өндүргүч күчтөрүнүн өнүгүшүнө жараша болот. Д. таш доорунда (нео­литте) пайда болуп, жер айдоо, жумшартуу иштери жыгач же учуна таш бекитилген жы­гач куралдар м-н жүргүзүлгөн. Д-та жер айдоо соко чыккандан кийин пайда болуп, күч-унаа (ат, өгүз) көп пайдаланылган. Д-тын бул түрү кул ээлөөчүлүк ж-а феодалдык коомдо Азия, Европа ж-а Түн. Африкага таралган. 20-к-дын башында Д-та трактор, чиркеме, асма а. ч. шай­мандары ж-а машиналар колдонула баштаган. Д-ты механикалаштыруу Кырг-нда 20-к-дын отузунчу жылдарында машина-трактор станция­лары (МТС) уюшула баштагандан баштап тез өнүккөн. Эгерде, 1930-ж. өлкөбүздө 154 трактор болсо, 1950-ж. 5 214 трактор, 1200 дан жый­ноочу комбайн; 1989-ж. 31000 трактор, 5100 дан жыйноочу машина; 21 000 жүк ташуучу авто­мобиль болгон. Д. жүргүзүүдө негизги максат айдоо жерлердин топурагынын күрдүүлүгүн сак­тоо, арыктатпоо болушу зарыл. Ошондо гана а. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жылдан жыл­га жогорулайт. 2) А. ч. өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн жалпы ыкмаларын ж-а жерди пайдалануунун алдыңкы жолдорун (дайыма жогорку түшүм алуу үчүн) иштеп чыгуучу илим. Илим катары Д. өсүмдүктүн нормалдуу өсүшү үчүн топурак­тын суу, аба, жылуулук ж. б. режимин (жерди туура айдоо, жумшартуу, өсүмдүктү туура эгүү жолу м-н) жөнгө салууну, ил. жактан негиз­делген Д. системасын ж-а туура которуштуруп эгүүнү, о. эле топурак күрдүүлүгүн, өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу б-ча иш-чаралардын комплексин, терс факторлордун (кургакчылык, керимсел, топурак эрозиясы, отоо чөп ж. б.) таасирин жок кылуу же азайтууну иштеп чы­гат. Азыркы Д. илими жалпы (а. ч. өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн жалпы ыкмаларын изилдөөчү) ж-а жеке (айрым өсүмдүк түрүн же сортун өстүрүү ыкмаларын иштеп чыгуучу) болуп бөлүнөт. Д.


башка табигый илимдер – биология, топурак таануу, агрохимия, агрофизика, селекция ж. б. м-н тыгыз байланыштуу. 1920-жылдардын ор­тосунан Кырг-нда алгачкы таяныч пункт ж-а станциялар уюшулуп, Д. б-ча ил. иштер жүргүзүлө баштаган. Алгачкы тажрыйба аян­ты 1925-ж. Ош ш-на жакын жерде (1946-жыл­дан Пахтачылык-беде тажрыйба станциясы, 1960-жылдан Кырг-н пахтачылык тажрыйба станциясы), Пржевальск (азыркы Каракол) ш­нын жанында уюшулган. 1926-ж. Чүй өрөөнүндө обл. комплекстүү а. ч. тажрыйба станциясы, 1927-ж. Өсүмдүк коргоо станциясы, Кыргыз мамл. селекция станциясы иштей баштаган. 1928-ж. Край таануу ин-ту ачылган. 1929-ж. Бүткүл союздук кант ө. ж. ИИИнин Кант тая­ныч пункту (1948-жылдан Кырг-н кант кызыл­часы тажрыйба селекция станциясы), 1932-ж. Чүй өрөөнүндө Булалуу өсүмдүктөр тажрыйба станциясы, Ысык-Көл өрөөнүндө Дары-дармек өсүмдүк тажрыйба станциясы, 1936-ж. Бүткүл союздук тамеки ж-а махорка ил.-из. ин-тунун Зоналык тажрыйба станциясы, 1937-ж. Кырг-н жашылча-жемиш тажрыйба станциясы уюшул­ган. Түрдүү топурак-климаттык зоналарда жай­гашкан бул станциялар м-н таяныч пункттар­дагы алгачкы ил. иштер Кырг-нда Д. илими­нин калыптанышына өз таасирин тийгизген. Азыркы кезде Кырг-нда Д. б-ча ил. иштерди К. И. Скрябин атн. КАУ, Кырг-н дыйканчылык ИИИ жүргүзөт.

Ад.: Воробьев С. А. и др. Земледелие. 3-е изд. М., 1977; Воробьев С. А. Севообороты интенсивного земле­делия. М., 1979; Растениеводство. 4-е изд. М., 1979; Гаврилов А. М. Введение в агрономию. М., 1980; Ка­рабаев Н. А. Кыргызстандагы дыйканчылыктын не­гиздери. Б., 1993; Карабаев Н. А. Фермердик чар­бада дыйканчылыкты жүргүзүүнүн жолдору. Б., 1993. Н. А. Карабаев.