ДЫЙКАНЧЫЛЫК СИСТЕМАСЫ
ДЫЙКАНЧЫЛЫК СИСТЕМАСЫ – жерди туура пайдаланууга, топурак күрдүүлүгүн арттырууга багытталган технол. (агротех.), мелиорациялык ж-а уюштуруу иш-чаралар комплекси. Д. с. өз ара байланыштуу бир катар элементтерди камтыйт: жерге жайгаштыруу, которуштуруп айдоо, жер иштетүү ж-а жер семирткич колдонуу системалары, отоо чөпкө, өсүмдүк илдетине ж-а зыянкечтерине каршы күрөшүү иштери, үрөнчүлүк, топуракты эрозиядан сактоо жумуштары, айрым жерлерде – сугаруу, кургатуу, жерди хим. мелиорациялоо (гипстөө ж. б.), коргоо токой тилкесин тигүү. Д. с-нын пайда болушу ж-а анын алмашылышы коомдук өндүргүч күчтөрүнүн өнүгүшүнө, айрыкча ө. ж. өндүрүшү ж-а ил.-тех. прогресске тыгыз байланыштуу. Коомдук өнүгүштүн ар бир мезгилине мүнөздүү өзүнчө Д. с. болгон: кул ээлөөчүлүк коомдо – кысыр аңыз ж-а токой кыркып, өрттөп, айдоо аянт жасоо Д. с., феодалдык коомдо – буулантма дан (үч кезмектүү, талаалуу) Д. с., капитализмдин өнүгүшү м-н бирге шаар калкын азык-түлүк, ө. ж-ды сырьё м-н камсыз кылуу зарылчылыгынан улам жакшыртылган дан ж-а үрөн алмаштырма Д. с. пайда болгон. Бирок а. ч. өндүрүшүн капиталисттик рыноктун конъюнктурасына баш ийдирүү үрөн алмаштырма которуштуруп эгүү Д. с-н колдонууга чек коюп, бир өсүмдүк түрүн бир эле жерге кайталап эгүү Д. с. басымдуу болгон. Дыйканчылыктын ж-а Д. с-нын өнүгүшүнө өндүрүштүк мамилелер активдүү таасир кылат. Ил. жактан негизделген Д. с. топурактын күрдүүлүгүн калыбына келтирип ж-а арттырып турат, түшүмдү жогорулатып, аянт бирдигинен аз чыгым жумшап, көп продукция алууга шарт түзөт. Д. с-на өзгөчө түшүнүк катары аныктаманы орус окумуштуусу А. С. Советов «Дыйканчылык системалары жөнүндө» (1867) деген эмгегинде берген. Д. с-нын түрлөрү: жөнөкөй, экстенсивдүү, өтмө ж-а ургаалдуу. Жөнөкөй Д. с-нда жердин табигый сапаты гана пайдаланылып, топурак күрдүүлүгүн калыбына келтирүү б-ча эч кандай ишчаралар жүргүзүлбөйт, өндүргүч күчтөр төмөнкү деңгээлде болот. Экстенсивдүү Д. с. – жөнөкөй системанын өркүндөтүлгөн түрү. Мында дан-чөп которуштуруп айдоо системасына көп жылдык чөп же отолмо өсүмдүктөр киргизилет. Топурактын күрдүүлүгү буулантма ж-а көп жылдык чөп эгүү жолу м-н жөнгө салынат. Өтмө Д. с. буулантма дан Д. с-нын жакшыртылышы м-н мүнөздөлөт. Мында көп жылдык чөп же отолмо өсүмдүктүн дан-буулантма которуштуруп эгүү системасы да киргизилет. Орг. жер семирткич көп колдонулуп, жер жакшы иштетилип, айдоо жер өндүрүмдүүрөөк пайдаланылат. Ургаал Д. с-на жыш (эгин ж. б.) ж-а жөөккө себилген (пахта ж. б.) өсүмдүктөрдү алмаштырып эгүү м-н топурактын күрдүүлүгүн жогорулатуу, минералдык ж-а орг. жер семирткичтерди жетиштүү өлчөмдө пайдалануу, жерди дыкаттык м-н иштетүү, товардык өсүмдүктөрдү эгүү мүнөздүү. Топурак-климаттык өзгөчөлүктөрүн эске алып, ар бир белгилүү аймак (зона) үчүн Д. с. иштелип чыгылат. Кырг-нда ар бир облус ж-а аймак үчүн ил. жактан негизделген Д. с. иштелип чыкан.
Ад.: Воробьев С. А. и др. Земледелие. М., 1977. Н. А. Карабаев.