ДЫҢ ЖЕР
ДЫҢ ЖЕР – табигый өсүмдүктөр өсүп, мурда айдалбаган аймак. Д. ж-дин негизги өзгөчөлүгү өсүмдүк калдыктарынан пайда болгон чиринди көп; топурак катмарларында өсүмдүктүн азыктануусуна зарыл гумус, азот ж. б. элементтер арбын; топурак нык; топурактын үстүнкү катмарында микроорганизм тез өөрчүбөйт. Д. ж-ге эгилген өсүмдүктү отоо чөп анча баспайт. Д. ж-дин негизги типтери: 1) талаа Д. ж-и, ал кара ж-а коңур топурактуу аймактардан орун алган. Мындай жерлер Казакстанда, Алтай кра-
йында, Кавказда бар. 2) Түш. талаа ж-а жарым
чөл Д. ж-и; Борб. ж-а Түш. Казакстан, О. Азия респ-лары, Азербайжан ж-а Армениянын айрым р-ндорунда кездешет. 3) Жайылма Д. ж-и; д-нын суу жайпап кеткен жеринде орун алган.
4) Саздак, чым көңдүү Д. ж; РФтин Европа тилкеси, Сибирь ж-а Ы. Чыгыш аймактарында, Белорусия, Грузия, Украинада бар. Майда бадал
өсүп, кээде жайыт үчүн пайдаланылган жерлер
да Д. ж-ге кирет. Чарбанын муктаждыгына жараша өздөштүрүлөт.