ДЬЮИ
ДЬЮ́И Жон (20. 10. 1859, Вермонт штаты, Барменгтон – 1. 6. 1952, Нью-Йорк) – амер. педагог, философ ж-а психолог. Мичиган (1884–94), Чикаго (1894–1904) ж-а Колумбия (1904–30) ун-ттеринин проф. Логика тармагында прагматикалык методологияны, прагматизмдин жаңы варианты катары «инструментализмди» иштеп чыккан. Д-нин пикири б-ча таалим-тарбия эркин экономика шартында ар кандай кырдаалдарга ыңгайлаша билген инсанды тарбиялоого багытталышы зарыл. Ал мектеп системасындагы билимге ээ болуу сапатына каршы баланын өзүнүн жеке тажрыйбасына, өз алдынча практикалык ишмердигине негизделген «жасап көрүп үйрөнүү» моделин сунуш кылган. Анын пед. теориясы 20-к-дын биринчи жарымына чейин Америкада, о. эле бир катар Европа мамлекеттеринде кеңири белгилүү болгон.