ДЬЯКОНОВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЬЯ́КОНОВ Евгений Евгеньевич (1941-ж. т., РФ, Горький обл., Ветлуга ш.) – а. ч. илимд. доктору (1999), проф. (2001). К. И. Скрябин атн. КАЧИни (1964), Кырг-н мал чарба ИИИнин аспирантурасын бүтүргөн. Ат-Башы асыл тукум куш өстүрүү чарбасында зоотехник, Кыргыз ССР А. ч. министрлигинде зоотехник, Кырг-н мал чарба ИИИде ил. кызматкер, Респ. селекция асыл тукум куш өстүрүү чарбасында директор, 1976-жылдан Кырг-н мал чарба ИИИде бөлүм башчы. Үй куштарын өстүрүү, көбөйтүү, генетикасы б-ча адис. Ал 100дөй ил. эмгектин, а. и. 7 монографиянын, 1 ойлоп табуунун автору. Тооктун кыргыз породасын чыгарган.
Эмг.: Домашнее птицеводство. Ф., 1986; Создание киргизской породы кур (в соавторстве). Ф., 1986.