ДЭН СЯОПИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЭН СЯОПИ́Н , Д ы ң С и-

с я н, Д ы ң C я у п и н (22. 8. 1904, Кытай, Сычуань провинциясы, Пайфан – 19. 2. 1997, Пекин) – Кытайдын мамл. ж-а коомдук ишмери. 1920-ж. Франциядан билим алган. 1922-жылдан Кытай Коммунисттик Жаштар Сою­зуна, 1924-жылдан Кытай КПнын мүчөсү. 1925-ж. сая­сий ишмердүүлүгү үчүн Франциядан куулуп, Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин Комму­нисттик ун-тине, кийин Сунь Ятсен атн. ун-тте окуган. 1927-ж. Кытайга кайтып, 1929–30-ж. Бпайсек ж-а Лунчжоу көтөрүлүшүн жетектеп, ошол эле учурда Кытай кызыл армияcынын ка­тарына кошулган. Япония м-н болгон согушта 8-армиянын бөлүктөрүндө комиссар болуп кыз­мат кылган. 1945-ж. Кытай элдик-боштондук армиясына караштуу 2-армиянын комиссарлы­гына дайындалган. Ушул жылдары Д. С. Кы­тай КП БКга мүчөлүккө кабыл алынып, 1949- жылдагы рев-яга активдүү даярдык көргөн. Рев-я жеңгенден кийин Мамл. Советтин (өкмөт) премьеринин орун басары болуп дайындалган. 1956–66-ж. Кытай КП БКнын Генералдык сек­ретары болуп иштеген. 1960-жылдардын экин­чи жарымында Кытайда «Маданий революция­нын» башталышына байланыштуу пикир ке­лишпестиктерден улам Д. С. кызматынан ажы­рап, трактор з-дуна жиберилген. 1973-ж. Чжоу Эньлайдын кийлигишүүсү м-н мурунку кызма­ты кайтарылып берилген, бирок Чжоу Эньлай өлгөндөн (1976) кийин кайрадан куугунтуктал­ган. 1977-ж. Кытай КПнын 11-съездинде «төр­төөнүн тобунун» жоюлушу м-н кайрадан ак­талган. Д. С-дин сунушу б-ча Кытай КП БКнын 3-пленумунда (1978-ж. декабрь) кытайлык өзгө­чөлүк м-н социализм куруу ж-а экон. реформа жүргүзүү багыты кабыл алынган. Анын демил­геси м-н «маданий революция» саясаты, Мао Цзэдундун жаңылыштыктары сынга алынып, жеке ишмердикке жол ачылган ж-а ММКга ка­рата цензуралар жоюлган. 1980-жылдардын башында Кытай м-н Тайванды тынчтык жолу аркылуу бириктирүү үчүн «бир өлкө – эки түзү­лүш» аттуу идея киргизген. Өз эрки м-н 1987-ж. Кытай КП БКнын мүчөлүгүнөн, 1989-ж. Кытай КП БКнын Борб. согуш кеңешинин баш­чылыгынан баш тарткан. Ага карабастан өмүрү­нүн акырына чейин КЭРдин жетекчилигинде не­гизги күч болуп саналган. Бишкек ш-ндагы кө­чөгө ысмы берилген.