ДЭ′ ВИС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЭ′ ВИС Жон (1550-ж. чен – 1605) – англ. деңиз сүзүүчү. Арктиканы изилдеген. 1580-ж. 1-экспе­дициясын Арктикага жасап, Атлантика океа­нынын түн.-батышында Тынч океанга өтүүчү өткөөлдү табууга аракеттенип, ал далалатын 1585-ж. кайталаган. 1586–87-ж. 2-экспедиция­сында Арктиканы Гренландиядан батышты ка­рай изилдеп, кысык аркылуу (кийинчерээк анын атынан аталган) өткөн. Баффин кысыгын, Лаб­радор ж. а-нын чыгыш жээгин, Гренландиянын батыш жээгин 73° түн. кеңдикке чейин изилде­ген. Фолкленд а-н көргөн алгачкы европ. адам болгон (1592).