ДЮВЕРЖЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЮВЕРЖЕ́ (Duverger) Морис (5. 6. 1917-ж. т., Шаранта департаменти, Ангулем) – француз са­ясат таануучусу, саясат социологиясы б-ча адис (мамлекет таануучу). Д-нин «Саясий партиялар» (1951) аттуу китебинде партиялардын курам­дык-уюмдаштык негиздери, алардын калыпта­нуу ж-а өнүгүү өзгөчөлүктөрү каралган. Парт., парламенттик, шайлоо системаларынын өз ара байланышы ж-дөгү теор. маселелерди саясат таануу илиминде биринчи жолу көтөрүп чык­кан. Шайлоолук ж-а парт. системалардын «со­циологиялык үч мыйзамын» тастыктап алып чыкты. Алардын жоболору: 1) пропорциялуу шайлоо системасы ички түзүлүшү жагынан бе­кем курамдан турган, көз карандысыз аракет­тенген көп партиялардын пайда болушун шарт­тайт; 2) абс. мажоритардык шайлоо системасы ийкемдүү жолду туткан, өз ара ымалалашууга умтулган парт. системаны жаратат; 3) салыш­тырмалуу мажоритардык шайлоо системасы кош партиялуулук системаны калыптандырат. Д. өзүнүн «Янус. Батыштын эки жүзү» (1972) деген китебинде саясатты «эки жүздүү Янус» м-н са­лыштырган. Биринчисинде, саясат – бул көпчү­лүктүн үстүнөн азчылыктын артыкчылыгын жоюуга кызмат кылса, экинчисинде, саясат де­генди коомдогу бардык жарандардын бириги­шинин ж-а адилет мамлекет курушунун кара­жаты катары чыгат деп эсептейт. Д. бир катар өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө кеңешчилик кылган, Франция, Мексика, Грекия мамлекеттеринин ордендери м-н сыйланган.
Эм.: Дюверже Les partis politiques. P., 1951; La sociologie politique. P., 1966.