ДЮМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЮМА́ Александр (24. 7. 1802, Франция, Ви­лер-Котре – 5. 12. 1870, Пюи) – француз жазуу­чусу. Чыг-лыгын 1825-ж. драматургия жанрын­да баштаган. Адабий айдыңга француз роман­тикалык драмасынын алгачкы туундуларынын бири «Генрих III жана анын сарайы» аттуу пьесасы (1829) аркылуу кеңири таа­нылган. «Антони» (1831),

«Нель мунарасы» (1832) ж. б. пьесалары белгилүү. 1835-ж. «Бавариялык Иза­белла» деп аталган алгачкы романы жарык көргөн. 19- к-дын 40-жылдары «Үч мушкетёр» (1844), «Жыйыр­ма жыл өткөн соң» (1845), «Виконт де Браже­лон» (1848–50) романдары Париж гезиттеринде жарыяланган. Генрих Наваррский ж-дө үчил­тик («Королева Марго», 1845; «Монсоро ханым», 1846; «Кырк беш», 1847–48), «Граф Монте-Кри­сто» (1845–46) романын, о. эле эскерүү, очерк­терди да жазган. Бир катар чыгармалары кыр­гыз тилине которулган.