ДЮМОН-ДЮРВИЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЮМО́Н-ДЮРВИ́ЛЬ Жюль Себастьен Сезар (23. 5. 1790, Конде – 8. 5. 1842, Версаль) – фр. деңиз сүзүүчү ж-а океанограф. Эки жолу дүйнөнү айланып сүзүп чыккан. Ал Тынч океандын түш. бөлүгүн (1826–29) ж-а Антарктиданы (1837–40) изилдеп, бул аймактын деңиз кар­тасын түп тамырынан бери өзгөрткөн. 1820-ж. Эгей деңизиндеги Милос а-нда сакталган Грекияга тиешелүү скульптураны алууга көмөктөшкөн. Микронезиядан, Полинезиядан, Малайзиядан Францияга 1600гө жакын өсүмдүк, 900дөй тоо тек үлгүсүн алып келген. Ал жыйнаган маалыматта­ры европалыктардын Океания ж-а Түш.-Чыгыш Азия элдери ж-дөгү түшүнүктөрүн кеңейткен.