ДЮНА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЮНА́ – шамалдын таасиринен пайда болгон кум дөбөлөр. Чөлдөрдө, көл, деңиз, дарыя жээктеринде ж. б. жерлерде шамал учурган кумдун топ-топ болуп үйүлүшүнөн пайда болот. Бархандардан айырмасы тик капталдары томпок бо-

луп, мүйүз сымал жалдары арт жагында жайгашат. Д-дын бийикт. 10–30 м, айрым учурда 100 мге чейин жетет. Алар өсүмдүк тамырлары м-н кармалбагандыктан, жылына 1 мден 10 мге
чейин (шамалдын багыты б-ча) жылат. Мындай кум дөбөлөрдүн жылышы бак-дарак отургузууаркылуутоктотулат.