ДЮРЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЮ́РЕР Альбрехт (21. 5. 1471, Нюрнберг – 6. 4. 1528, ошол эле жер) – немис живописчиси ж-а иск-во теоретиги, Кайра жаралуу доорундагы ири сүрөтчү. Алгачкы иштеринде («Паумгартнерлер­дин алтары», 1502–04, Эски пинакотека, Мюн­хен) реалисттик багыттагы изденүүлөрү кийин­ки готика өнөрүнүн элементтери м-н айкалы­шат. Реформация мезгили м-н 1525-жылдагы Дыйкандар согушун чагылдырган сүрөттөрү

А. Дюрер. «Мария наристе менен». 1512. Вена.

(«Төрт апостол», 1526) Кайра жаралуу доорун­дагы көркөм сүрөт өнөрүнүн ири жетишкендик­теринен болгон. Анын портреттери («Жигиттин портрети», 1521, Дрезден, Сүрөт гал.) адамдын ички умтулуусун, ой-аракетинин тереңдигин көрсөтөт. Д. филос. терең образдарга бай, фор­масы б-ча жаңы, тематикасы ар түрдүү гравю­раларды («Рыцарь, өлүм жана азезил», 1513; «Ыйык Иероним», «Меланхолия», экөө тең 1514) жараткан. Д. арх-ра, математика, механика жа­атында да эмгектенген. Дүйнөлүк ж-а немис мад­тынын тарыхында анын трактаттары, күндө­лүктөрү маанилүү орунду ээлейт.