ДЮССЕЛЬДОРФ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЮССЕЛЬДО́РФ – Германиядагы шаар (1288- жылдан). Түн. Рейн-Вестфалия жеринин (адм.- айм. бирдик) адм. борбору. Калкы 573 миң (1995). Рейн д-на Дюссель д. куйган жерде жайгашкан порт. Эл аралык аэропорту бар. Рур көмүр бассейнинин экон.-финансы борбору. Кара металлургия, оор машина куруу, хим., айнек, кагаз, тигүү, полигр., тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Ун-т, сүрөт академиясы ж-а сүрөт, Кунстхалле, Түн. Рейн-Вестфалия жери ж. б. музейлер бар. Алгач 12-к-дан эскерилет. Готика стилиндеги сепил-сарай (13-к.), Санкт-Ламбертускирхе чиркөөсү (13–14-к.), ренессанс стилиндеги ратуша (16-к.), барокко стилинде салынган көптөгөн чиркөө (17–18-к.) сакталган. Д-то акын Г. Гейне туулган.