ДҮЙШЕЕВ Шайлообек

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙШЕЕВ Шайлообек (23. 2. 1950-жылы туулган, На­рын облусу, Ат-Башы району, Ат-Башы айылы) – акын, журналист, Кыргыз эл акыны (2005), Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармасынын

ж-а КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу комитети­нин мүчөсү (2005). КМУнун журналистика бөлүмүн бү­түргөн (1980). Ат-Башы районун­да пионер вожатый, куруу­чу, жумушчу, 1980–83-жылдарда «Нарын правдасы» гезитин­де кабарчы, КРдин телера­дио комитетинде редактор, 1983– 91-жылдарда Кыргыз филармония­сынын адабий бөлүмүнүн башчысы, 1991–93-жылдарда «Ала-Тоо» журналында бөлүм баш­чы, 1993-жылдан «Асаба» гезитинин башкы ре­дакторунун биринчи орун басары, кийин «Агым», «Алас» гезиттеринде, «Жетимен» журналында иштеген, 2006-жылдан «Азаттык» радиосунун кабарчысы. Дүйшеев «Аптап» (1985), «Сүйлөшкөнгө чейинки сөз» (1989), «Кайдыгерлик» (1991), «Тайгүлүк» (1991), «Арабадагы ыр» (1999, 2001),«Шакен азган» (2004) аттуу ыр китептердин ав­тору. «Кайдыгерлик» деген ыр жыйнагында кыр­гыз жеринин жаратылышынын кайталангыс сү­рөттөрү, поэтикалык жан дүйнөсү, бүгүнкү күн­дүн проблемалары, элине болгон арман, сүйүү сезими курч сөздөр, ирониялар м-н кайра ку­руу, ачык айтуу учурунда турмуш чындыгынын актуалдуу маселелерин күн тартибине курч кой­гон. Ырларында коомдогу ж-а турмуштагы кем­чиликтерди, терс көрүнүштөрдү таамай сүрөттө­гөн. «Эне тилин унуткандар» деген ырында эне тилинен ажырап, маңкурт болуп калган ырдын каарманы Муратты күнөөлөбөй, тескерисинче, жалпы коомчулук, бийлик ээлери күнөөлүү экен­дигин ачык айтат. Дүйшеев Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2011). КМШ Мамлекеттеринин Парламенттер Ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык адабий сыйлыгы ыйгарылган (2016). «Жетимен» кайрымдуу­лук фонду тарабынан негизделген Б. Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын туңгуч лауреаты (2005). II жана III даражадагы "Манас" ордендери, медалдар м-н сыйланган.