ДҮЙШЕЕВ Эсенбек

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙШЕЕВ Эсенбек (22. 6. 1941-жылы туулган, Талас облусу, Бакай-Ата району, Ынтымак айылы) – партиялык ж-а мамлекеттик ишмер. КАЧИни (1963), Алма-Ата жо­горку партиялык мектебин (1984) бүтүргөн. 1963–

66-жылдарда Бакай-Ата районундагы Калинин атындагы колхоздо механик, башкы инженер, 1966–75-жылдарда Совет, Өзгөн, Талас райондук «Кыргызайылчарбатехни­ка» бирикмесинде башкар­малыктын башчысы, 1975– 79-жылдарда Кыргыз ССР айыл чарба ми­нистрлигинде механика ж-а электрлештирүү боюнча башкы башкармалыгынын башчысы, 1979–80-жылдарда Кыр­гыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Иш башкармалыгында айыл чарба, суу чарба курулуш боюнча бөлүм башчы, 1980–85-жылдарда партиянын Ысык-Көл райондук комитетинин, 1985–88-жылдарда партиянын Та­лас обкомунун 1-секретары, 1988–90-жылдарда Кыргыз ССРинин министри, Мамлекеттик агрардык өнөр жай комитети­нин төрагасынын 1-орун басары, 1990–91-жылдарда Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы­нын 1-орун басары, Мамлекеттик агрардык өнөр жай комитети­нин төрагасы, 1991–92-жылдарда КРдин мамлекеттик катчысы, 1992–97-жылдарда чет элдик жардамдар боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы, 1997–2004-жылдарда вице-президент, «Кыргызайылтехсервиз» акцио­нердик компаниясынын деректирлер кеңешинин төрагасы болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогор­ку Советинин депутаты (1985–90). Эмгек Кы­зыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.