ДҮЙШЕМБИЕВ
ДҮЙШЕМБИЕВ Нурдин (10.8.1946-ж. т., Нарын обл., Кочкор р-ну, Кум-Дөбө айылы) – а. ч. илимд. доктору (2007), проф. (2008). КАЧИни бүтүргөн (1974). 1974-жылдан КАЧИнин окуу-тажрыйба чарбасында агроном, тажрыйба талаасынын башчысы, окутуучу, доцент, декандын орун басары, кафедра башчысы, агрономия ф-тинин деканы, агрохимия кафедрасында профессор. КРдин элге билим берүүсүнүн отличниги. Эмгектери жер семирткичтерди ырааттуу пайдаланууга, топурактын асылдуулугун арттырууга ж-а а. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жогорулатууга арналган. Анын 90го жакын ил. эмгектери, а. и. 3 монографиясы, 1 окуу куралы жарык көргөн.
Эмг.: Оптимизация системы удобрения культур свекловичных севооборотов в Кыргызстане. Б., 2002; Агрохимические основы высокой продуктивности озимой пшеницы (в соавторстве). Б., 2003; Научные основы системы удобрения культур свекловичных севооборотов Кыргызстана (соавторстве). – Б., 2003.