ДҮЙШЕНАЛИЕВ
ДҮЙШЕНАЛИЕВ Туратбек Болотбекович (1960- ж.т. Талас обл., Талас р-ну, Кырк-Казык айылы) – физика-математика илимд. доктору (2002). Деформациялануучу катуу нерселердин механикасы тармагы б-ча адис. Ростов-на-Дону курулуш-инженерлер ин-тун (1982) бүтүргөн. ФПИ-де инженер-программист, окутуучу, улук окутуучу, доцент, Курулуш механикасы кафедрасынын башчысы, 1997-жылдан И. Раззаков атн. КТУ-да кафедра башчы, 1999–2002-жылдары проректор. 60тан ашык ил. эмгеги, а. и. 3 монография, тех. ун-тин студенттери үчүн 2 окуу куралы жарык көргөн.
Эмг.: Некоторые основные вопросы механики деформируемого тела (соавторстве). Б., 1995. Новое воззрение на некоторые основы механики деформируемого тела (соавторстве) Б., 1999; Уравнение огибаюшей линии предельных кругов напряжений. Б., 2003.