ДҮЙШЕНАЛИЕВ Туратбек Болотбекович
ДҮЙШЕНАЛИЕВ Туратбек Болотбекович (1960- жылы туулган, Талас облусу, Талас району, Кырк-Казык айылы) – физика-математика илимдеринин доктору (2002). Деформациялануучу катуу нерселердин механикасы тармагы боюнча адис. Ростов-на-Дону курулуш-инженерлер институтун (1982) бүтүргөн. ФПИде инженер-программист, окутуучу, улук окутуучу, доцент, Курулуш механикасы кафедрасынын башчысы, 1997-жылдан И. Раззаков атындагы КТУда кафедра башчы, 1999–2002-жылдары проректор. 60тан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 монография, техникалык университеттин студенттери үчүн 2 окуу куралы жарык көргөн.
Эмг.: Некоторые основные вопросы механики деформируемого тела (соавторстве). Б., 1995. Новое воззрение на некоторые основы механики деформируемого тела (соавторстве) Б., 1999; Уравнение огибаюшей линии предельных кругов напряжений. Б., 2003.