ДҮЙШӨБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙШӨБАЕВ Талант Ибраимович (2. 6. 1968- ж. т., Фрунзе) – дүйнөгө таанымал спортчу, эмг. сиң. спорт чебери. Борб. Азия тарыхында кол топ (гандбол) б-ча Олимпия оюндарынын 1-чем­пиону. Кол топ м-н 1980-жылдан А. Л. Гагу­линден машыга баштап, Бишкек ш-ндагы



Т. Дүйшөбаев оюн учурунда.

өспүрүмдөрдүн атайын спорт мектебинде тарбия­ланган. ФПИде окуп жүргөндө СССР курама ко­мандасына кирген, 1989–92-ж. Москванын ЦСКА командасында ойноп, КМШ өлкөлөрүнүн кол топ б-ча курама командасынын капитаны болгон. Россиянын, Испаниянын ж-а Германиянын клубдарында ойногон. СССРдин, Европанын (Чемпиондор лигасы, 1994), Дүйнөнүн (Швеция, 1993), Олимпия оюндарынын (Барселона, 1992) чемпиону. 1993-жылдан Испанияда жашайт. Ис­пания спорт ин-тун бүтүрүп, кол топ б-ча ошол өлкөнүн курама командасынын капитаны. Ат­ланта Олимпиадасында (1996) Испаниянын ку­рама командасын кол топ б-ча тарыхта бирин­чи жолу 3-орунга жеткирген. 1990-ж. Сиэтл ш-нда (АКШ) болуп өткөн «Игры доброй воли», 1991-ж. Барселонадагы Олимпия алдындагы оюндардын жеңүүчүсү; Испания суперкубогунун (1992–94) ээси; 1992–94-ж. Испания чемпиону; 1995–97-ж. Испания кубогунун, клубдар арасын­дагы дүйнө кубогунун жеңүүчүсү; 1996-ж. Евро­па биринчилигинин (Испания) күмүш, Олимпия оюндарынын коло, 1998-ж. Европа чемпиона­тынын (Италия) күмүш медалынын ээси. 1994– 96-жылдары «Handbal World Magazine» журна­лынын иликтөөсү б-ча дүйнөнүн, Исландия (1995) ж-а Японияда (1997) болуп өткөн дүйнө чемпио­натында, Европа биринчилигинде (Испания; 1996) мыкты оюнчу катары таанылган. Медал­дар м-н сыйланган. К. Исмаилов.