ДҮЙШӨБАЕВ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙШӨБАЕВ 1 Кеңешбек Асанбекович (8. 7. 1957-ж. т., Чүй обл., Кемин р-ну,

Боролдой айы­лы) – милициянын генерал-майору (1997). СССР ИИМдин Караганды жогорку мектебин (1978), СССР ИИМдин академия­сын (1987) бүтүргөн. 1978-ж. Ысык-Ата р-ндук ички иш­тер бөлүмүнүн тергөөчүсү, 1979–85-ж. Кыргыз ССР ИИМдин тергөө башкарма­лыгында тергөөчү, улук тер­гөөчү, 1987–93-ж. Кочкор р-ндук ички иштер бөлүмү­нүн начальнигинин орун ба­сары, 1993–97-ж. Ысык-Көл шаардык, р-ндук ички иш­тер бөлүмдөрүнүн начальниги, 1997–2000-ж. КР ИИМдин Башкы штабынын начальниги, 2000– 01-ж. КРдин Улуттук коопсуздук министрли­гинин Ош обл. б-ча башкармалыгынын началь­ниги, 2001–02-ж. КР ИИМдин орун басары, ми­нистрдин милдетин аткаруучу, 2002–04-ж. Биш­кек ш-дык ички иштер башкармалыгынын на­чальниги, КР ИИМдин министринин орун баса­ры, 2005-жылдын 23–25-мартында КР ИИМдин министри болуп иштеген. Милициянын отлич­ниги. Медалдар м-н сыйланган.