ДҮЙШӨКЕЕВ
ДҮЙШӨКЕЕВ Өмүркул (1934-ж. т., Нарын обл., Ат-Башы р-ну, Кара-Суу айылы) – а. ч. илимд. доктору (1993), проф. (2002). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (2000). К. И. Скрябин атн. КАЧИ-ни (1958), Кырг-н мал чарба ИИИнин аспирантурасын бүтүргөн (1964). Респ. асыл тукум мал өстүрүү чарбасында зоотехник, Түш. Кырг-н тажрыйба чарбасында директордун орун басары. Кырг-н мал чарба ил.-из. ин-тунда ил. кызматкер, директор, директордун орун басары, Респ. мамл. асыл тукум станциясынын директорунун орун басары, 1994-жылдан Кырг. малчарба ил.-из. ин-тунда бөлүм башчы. Бодо малдын физиологиясы, эмбриологиясы, генетикасы б-ча адис. Ал 110дон ашык ил. эмгектин, а. и. 4 монография, 7 ойлоп табуунун автору.
Эмг.: Племенная работа в скотоводстве Киргизии. Ф.,1975; Новое в селекции молочного скота. Б., 1990.