ДҮЙШӨМБҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙШӨМБҮ , Д у ш а н б е (1929-жылга чейин Дүйшөмбү, 1929–61-ж. чейин Сталинабад) – Та­жикстандын борбор шаары (1929-жылдан). Ысар өрөөнүндө, Дүйшөмбү д-нын боюнда, деңиз деңг. 750–930 м бийикте жайгашкан. 1920-ж. Бухара эмиринин акыркы резиденциясы болгон. 1922- жылдан шаар. 1991-жылдан өлкөнүн, саясий, экон. ж-а маданий борбору. Калкы 600 миң (2003). Т. ж. тоому. Машина куруу, металл иштетүү, жеңил (кебез-кездеме, жибек, булгаа­ры-бут кийим, тигүү), тамак-аш, курулуш ма­териалдары (цемент, үй куруу комбинаттары) ө. ж., ИА, 8 ЖОЖ (а. и. Тажикстан, Славян, агр. ун-ттери), мед. ин-т, 6 театр (а. и. Тажик­стан опера ж-а балет, драма театрлары), филар­мония, музейлер (тарыхый-мекен таануу ж-а сүрөт Бехзад атн. өнөр, этногр., С. Айни атн.,

Шаардын жалпы көрүнүшү.

М. Турсун-заде атн. ад-т), китепкана (Рудаки, Фирдоуси, Ибн Сина, Саадинин кол жазмала­ры сакталууда) иштейт. Эсептөө борбору (1976), жазуучулар союзу («Поэзия жылдыздары» пан­носу м-н кооздолгон), эстеликтер, басма үйү ж. б. бар. Шаардын аты аптанын биринчи күнүн бил­гизген дүйшөмбү сөзүнөн аталган.