ДҮКӨН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДҮКӨН (ар. дукан – устакана) – 1) усталардын узануучу жайы. Темир устанын Д-үндө көөрүк, очок, дөшү, балка, барскан, кыпчуур, кескич, көзөөч, тешкич ж. б. болуп, алар м-н така, тулга, кычкач, ооздук, тогоо, үшкү, шибеге, купа, кыма, бычак, балта, керки, ийди, аталгы ж. б. буюмдар жасалган. Жыгач усталардын Д-үндө араа, балта, аштама, керки, тез-ийди, аталгы, түрпү, кырма сүргү болгон. Бул куралдар м-н боз үйдүн жыгачтары, ээр, ыңырчак, алабакан, такта, бешик ж. б. жасалган. 2) Чекене соода
ишканасы. 3) Килем ж-а түрдүү таарларды токууга даярдаган курулма жай.
И. Молдобаев.